Опубликовано
12.06.2020, 08:15Кыргызстан боюнча жалпы 524 миңден ашык үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
[news 25062]
Анын айтымында, 1227.tunduk.kg сайтына бардыгы болуп 838 миңден ашык кайрылуу келип түштү. Анын ичинен 524 миң 645 үй-бүлө азык-түлүк баштыкчалары менен камсыз болушту.
«Жергиликтүү бюджеттен 64 миң 646 үй-бүлөгө, демөөрчүлөрдөн 285 миң 111 үй-бүлөгө жардам берилген. Соцөнүктүрүү министрлигинде ачылган атайын эсепке түшкөн каражаттан 26 миң 616 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Андан сырткары, КРнын өкмөтүнөн 200 млн сом бөлүнгөн. Анын 148 млн сомдон ашыгы аким, мэрлерге которулган», - дейт ал.
Солтонбекова атайын эсепке түшкөн каражаттын суммасын министрликтин сайтынан көрсө болорун айтат.
«Эсепке 17 млн сомдон ашык каражат түшсө, анын 16 млн сому жумшалып, 1 млн сом эсепте турат. Ошондой эле калктын аярлуу кармарына 8 миң тоннадан ашык ун бөлүнүп берилди. Ал эми 5 миң тонна ун аймактарга бөлүштүрүлуп жатат. Бишкек, Чүй облусунун тургундарына 175 миң 700 тоннадан ашык кумшекер таратылып берилди», - деп белгиледи ал.
Солтонбекова кошумчалагандай, Соцөнүктүрүү министрлигиндеги 17 социалдык-стационардык мекемелерде 2 миң 370 жаран жашайт. Анын 724ү улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. 1 миң 226сы психологиялык-неврологиялык оору менен ооругандар, 420сы балдар.