Опубликовано
23.02.2024, 07:16Кыргызстанда калктын 49,5%ын эркектер түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын башына карата өлкөдө эркектердин саны 3,5 миллионду түзгөн (2022-жылы жүргүзүлгөн калкты каттоонун маалыматтарын эсепке алганда).
Эркектердин үчтөн экиси (болжол менен 2,33 млн эркек) айыл жергесинде турат. Ал эми ар бир алтынчы эркек Бишкек шаарында жашайт.
Эмгек курактагы эркектердин 77%ынын жумушу бар. Алардын орточо жашы 38ди түзөт. Негизинен алар курулуш, транспорт, жүк сактоо, энергетика, кен казуу тармактарында иштейт.