Опубликовано
25.04.2024, 03:55Кыргызстанда электромобилдерге жашыл номурлар берилет. Президент Садыр Жапаров “КРнын айрым мыйзам актыларына (“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Аны Жогорку Кеңеш 14-мартта кабыл алган.
Мыйзамда кубаттоо инфраструктурасын түзүү үчүн электромобилдердин ээлерине жеңилдиктер каралган.
Ошондой эле, кабыл алынган мыйзамда мамлекеттик каттоодо электромобилдерге атайын жашыл мамлекеттик каттоо белгилерин берүү киргизилген.