Опубликовано
14.11.2023, 03:20Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталды. Экономика министрлиги иштеп чыккан долбоор коомдук талкууга коюлду.
Анда бизнести текшерүүгө 2024-жылы убактылуу тыюу салуу жазылган.
Эске салсак, буга чейинки тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр кол койгон.
Кошумчаласак, Кыргызстанда 16 мамлекеттик орган ишкерлерди текшерүү укугуна ээ.