Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.05.2024, 05:15

Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга белгиленди. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, министрлер кабинетине Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүгө зарыл каражатты бөлүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, №5 Ноокат шайлоо округунан депутат болгон Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазган, №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандаты да өзү жазган арыздын негизинде 25-апрелде алынган.


Читать похожее

  • 04.07.2024, 21:45:53
  • 13.06.2024, 00:45:43
  • 10.06.2024, 00:45:34
  • 09.06.2024, 21:10:08