Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

13.06.2024, 06:45

Бир мандаттуу үч округдун депутаттарын шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн алдын ала аты-жөнү “Тизме” порталына жайгаштырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов округдарында жалпысынан 300 миңден ашуун шайлоочу бар.

Ошондой эле тизме бардык шайлоо участкаларына илинген. 19-июнга чейин жарандар маалыматтарын тактап, каталар болсо өзгөртүү киргизе алышат.

Эске салсак, үч райондо Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнда өтөт. Алар мандатын ар кандай себептер менен тапшырган эл өкүлдөрүнүн ордуна келет.


Читать похожее

  • 04.07.2024, 21:45:53
  • 13.06.2024, 00:45:43
  • 10.06.2024, 00:45:34
  • 09.06.2024, 21:10:08