Опубликовано
10.07.2024, 03:15Кыргызстанда насыянын көлөмү жаңы рекорд койду. Улуттук банктын маалыматына ылайык, айдын соңуна карата өлкө банктарындагы насыянын көлөмү дээрлик 276 миллиард сомду түздү.
Бул — рекорддук көрсөткүч. Мурдагысы 268 миллиард сом болуп апрелдин аягында катталган.
Эгер жыл аягындагы маалыматтар менен салыштыра турган болсок, өсүш дээрлик 18 миллиард сомду түздү.