Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.08.2024, 03:40

1-августка карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 16 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 559,96 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 158,46 млн сом суммасында 7 миң 774 субъектке, “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 401,50 млн сом суммасында 1 миң 242 субъектке насыя берилди.

“Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 21:50:11
  • 20.08.2024, 22:46:10
  • 20.08.2024, 03:20:02
  • 19.08.2024, 23:35:09