Опубликовано
13.10.2020, 04:45Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында транспорттун бардык түрү менен ташлыган жүктүн көлөмү, 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6 млн 345.7 миң тоннага же 30.7% төмөндөгөн. Бул маалыматты Улуттук бизнес-ассоциация билдирди.
[news 28957]
Андан сырткары, 2020-жылдын август айында транспорттун бардык түрү менен жүк айлануунун көлөмү, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 287.5 млн тонна-километрге же 17.5% кыскарган.
Белгилей кетүүчү нерсе, пандемия туристтик сферага дагы өз таасирин тийгизди. Туристтерди ташуудан түшкөн кирешенин көлөмү үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында 2 млрд 335.6 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 49.4% төмөндөгөн.