Akchabarsearch
Источник фото: Жалал-Абад мэриясы

Опубликовано

10.05.2024, 06:22

Кыргызстан өлкөгө тооктун жумурткасын ташып келүүгө убактылуу алты ай тыюу салууну каалайт. Тишелүү документ коомдук талкууга коюлду.

Токтом долбоорунун максаты - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө рыноктук бааны турукташтыруу. Ошондой эле, ички рыноктун иштешин, жазгы-жайкы жана жай-күз мезгилинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо болуп эсептелет.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 90-100%га жеткен. Ал эми жай-күз мезгилинде республиканын чарбаларында жумуртка өндүрүүнүн өсүшү байкалат. Ошол эле учурда бул мезгилде азык-түлүк коопсуздук талаптарына жооп бербеген продукцияны өлкөгө алып келүү коркунучу күчөйт.


Читать похожее

  • 20.05.2024, 01:25:18
  • 10.05.2024, 00:22:29
  • 29.04.2024, 21:30:20
  • 26.03.2024, 01:40:57