Опубликовано
26.02.2024, 07:49Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылык сапардын баасын 3 миң 750 доллар деп белгиледи. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, зыяратчылар акчаны 27-февралдан 4-мартка чейин төлөшү керек.
Буга чейин зыяратчылар “РСК банкка” 2 миң доллар салышса, эми калган 1 миң 750 долларды салышы керек.
Эске салсак, быйыл Сауд Арабиясы 2024-жылкы ажылыкка Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн.