Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган жылкылары аукциондо сатылат

26.10.2023, 11:55 Акчабар
Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган жылкылары аукциондо сатылат

Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) мамлекетке алынган асыл тукум жылкылары аукциондо сатылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.Асанбек тарабынан сатып алынган 15 асыл тукум жылкылар аныкталып, кылмыш ишинин натыйжасында, анын жалпы суммасы ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 79 млн 790 миң сомду түзгөн.

1. "Беш кашка" англис таза кандуу айгыры, баасы 44 млн сом.
2. "Командор" англис таза кадуу айгыры, баасы 26,4 млн сом.
3. "Раушан" англис таза кандуу айгыры, баасы 2,2 млн сом.
4. "Дончак" донск-англис айгыры, баасы 300 миң сом.
5. "Кундуз" англис бээси, баасы 900 миң сом.
6. "Хан сулуу" англис бээси, баасы 900 миң сом.
7. "Острый" аталышындагы чабылган аты, баасы 140 миң сом.
8. "Рошал" аттуу англис бээси, баасы 150 миң сом.
9. "Ай-Чолпон" аталышындагы таза кандуу бээ, баасы 440 миң сом.
10. "Ак Бермет" аттуу таза кандуу бээси, баасы 356 миң сом.
11. "Көк-Серек" аталышындагы бээ, баасы 100 миң сом.
12. "Көк-Жал" жарым тукум айгыры, баасы 60 миңсом.
13. "Бактөр" породасындагы минген аргымагы, баасы 704 миң сом.
14. "Бай Тору" аталышындагы бээ, баасы 440 миң сом.
15. "Эркиндик" англис айгыры, баасы 2,7 млн сом.

Белгиленгендей, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлктөрү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат.

Тэги: УКМК Көлбаев жылкы аукцион

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть