akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    21.01.2022, 06:50

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, төрага аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу облустук коллегияга катышат, "Манас-Ордо" комплексине барат жана кант заводу менен сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишин көрөт.

    Мындан тышкары, Киров суу сактагычына барып, Бала-Саруу гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.

    Белгилеп кетсек, Бала-Саруу ГЭСи жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт саат өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан гидроэлектростанция болот. Эске салсак, анын курулушуна "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 22,9 млн доллар алат.


    Читать похожее