Өкмөт томолой жетимдердин банк эсебине 500 миң сомдон которот

04.04.2024, 10:13 Акчабар
Өкмөт томолой жетимдердин банк эсебине 500 миң сомдон которот

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров мамлекет томолой жетимдерге 500 миң сомдон берүүнү пландап жатканын, алар үчүн 270 млн сом банктарга депозитке жөнөтүлө турганын айтты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Эми томолой жетим балдарга дагы 500 миң сомдон банк эсебине салынып (депозитке), бала 18ге чыкканда колуна берилет.

Азыркы күндө өлкөдө 1 миң 868 томолой жетим бала бар, алар үчүн бул жылдан тарта 270 млн сом банктарга депозитке жөнөтүлөт.

“Балдар үйүндө тарбияланган балдар, 18ге чыккандан кийин кам көрүлбөй, уурулук, кылмыш же сойкулук менен алектенип кеткен фактылар көп катталган. Мамлекет аларга көңүл бурчу эмес. Экономикабыз оңолуп, мамлекетибиз кубаттуу болуп калды, мынтип колдоого муктаж коомдун катмарына көңүл бурулуп жатат”, - деп билдирди ал.

Тэги: томолой жетим депозит банктык эсеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть