Опубликовано
21.08.2020, 06:20Дарыканалардан көп сандагы ашыкча дары-дармектерди сатып алуунун эч кажети жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
[news 27293]
«Урматтуу кыргызстандыктар, коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын экинчи толкунун күтүп, дарыканалардан көп сандагы ашыкча дары-дармектерди сатып алуунун эч кажети жок. :bangbang: Үй шартында дары-дармек каражаттарын туура эмес сактоо анын курамынын өзгөрүшүнө алып келиши ыктымал, кесепетинде ал дарыны ичүү натыйжасыз болуп же ден соолугуңузга зыян тийгизиши мүмкүн», - деп чакырды жарандарды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.
Ошондой эле жеке жактардын колунан дары-дармектерди сатып алуу сунушталбайт.