Опубликовано
25.09.2020, 04:00Кыргызстанда кош бойлуулук, төрөт жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.
[news 28277]
Маалыматка ылайык, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны - 22,3 миң адам, расымдык жөлөкпул – 1,8 миң адам.
Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 10 273,7 сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 3 423 сом.
Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы - 235,8 млн сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга - 229,6 млн сом жана расымдык жөлөкпулга - 6,2 млн сом сарпталган.