Кыргызстанда алгачкы ирет балдардын билим деңгээли электрондук түрдө бааланды

30.01.2020, 15:30 Акчабар
Кыргызстанда алгачкы ирет балдардын билим деңгээли электрондук түрдө бааланды

Башталгыч мектептин 1 миң 344 окуучусу окуу жана түшүнүү жөндөмдөрүн электрондук баалоосуна катыша алды. Аталган баалоо Билим берүү министрлиги тарабынан ЮСАИД жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулган.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилинде билим алган 4-класстын окуучулары окууну жана окуган материалды түшүнүү жөндөмдөрүнүн канчалык деңгээлде өнүккөнүн билүү үчүн билимдин электрондук баалосуна катыша алышты.

Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору текшерилип жаткан жөндөмдөр тууралуу так маалымат алуу максатында электрондук баалоону пилоттук мектептерде өткөрүп жатат. Баалоонун жыйынтыктары мугалимдерге балдардын билимге болгон өзгөчө муктаждыктарын, тилге байланышкан ошондой эле, майыптуулугу бар балдардын кыйынчылыктарын аныктоого жардам берет.

Балоо Билим берүү министрлигинин демилгеси жана ЮСАИД менен ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу «Бирге окуган жакшы» долбоорунун алкагында 48 мектепте жана 10 бала бакчасында өткөрүлдү.

Баалар бүткүл өлкөнүн аймагындагы мектептердеги билим берүүнүн жыйынтыктарын дыкат жана терең изилдөө максатында билим берүүнү башкаруу улуттук маалыматтык системасына интеграцияланат. Бул министрликке балдардын билим алууда кандай көйгөйлөрү бар экенин аныктап, мугалимдердин даярдык деңгээлин билип, окуу процессин жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Баалоонун ыкмалары окуунун улуттук билим берүү стандарттарынын негизинде иштелип чыгып, эл аралык деңгээлдеги PIRLS жана PISA изилдөөлүрүнө окшош.

«Сапаттуу билим берүү окуудагы жана окутуудагы кемчиликтерди табуу үчүн олуттуу баалоону талап кылат. Балдардын окуудагы ийгиликтерин баалоо менен биз аларга керектүү учурда жардам көрсөтө алабыз»,-деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Тэги: Кыргызстан балдар билим деңгээли

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть