Кыргызстанда бюджеттин ачыктыгы боюнча индекс 63 баллды түздү

12.12.2020, 12:00 Акчабар
Кыргызстанда бюджеттин ачыктыгы боюнча индекс 63 баллды түздү

Кыргызстан бюджеттин ачыктыгы боюнча индекстен 63 баллга (100 балл) ээ болду. Бул тууралуу, 11-декабрда финансы министри Кыялбек Мукашев билдирди.

Салыштырып караганда, бул индекстин көрсөткүчү Россияда - 74 балл, Украинада - 63 балл, Казакстанда - 58 баллды түзөт.

Кыялбек Мукашев өз сөзүндө, эл аралык донорлор менен иштешүүдө бюджеттин ачыктыгы маанилүү экендигин баса белгилеп өттү. Буга байланыштуу бюджеттин ачыктыгын жакшыртуу үчүн приоритеттүү максаттары бар экенин билдирди.

«Кийинки жылдарга министрликтин артыкчылыктуу максаттарынын бири - Кыргызстандын жарандарына эмгек акыларын, пенсияларын жана жөлөкпулдарын төлөө боюнча артыкчылыктуу милдеттенмелерди аткаруу», - деп кошумчалады Мукашев.

Тэги: финансы министри Кыялбек Мукашев бюджеттин ачыктыгы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть