Кыргызстанда таза куйма алтындын баасы 2020-жылдын 8-майынан 8-июнга чейин 129.6 долларга же 9 миң 622 сомго арзандаган. Бул маалыматты республиканын Улуттук банкы маалымдады.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир унциянын бүгүнкү күндөгү баасы 142 миң 399 сомду түзуп жатат. Ал эми 8-майдагы баасы 152 миң 21 сомго бааланган.
Profinance.ru порталынын маалыматына ылайык, 2-июндан 8-июнга чейин баалуу металлдын баасы 3.1% же 54.2 долларга төмөндөгөн.