Кыргызстанга дагы 2 жыл бою сапаты начар күйүүчү майлар кириши мүмкүн

10.12.2020, 16:50 Акчабар
Кыргызстанга дагы 2 жыл бою сапаты начар күйүүчү майлар кириши мүмкүн

Кыргызстан ЕЭКтен бензиндин жана дизелдик отундун сапатын жөнгө салуу боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламентерин азырынча киргизбей турууну суранды. Долбоорду талкулоо 2021-жылдын 24-январында жыйынтыкталат.

Техникалык регламентти 2023жылдын 12-августуна чейин киргизбей туруу сунушталды. Эгерде демилге колдоо тапса, анда 2021-жылдын август айында күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, "Мотор жана авиация бензини, дизелдик жана деңиз отуну, авиакеросин жана мазутка болгон талаптар жөнүндөгү" регламентте күйүүчү-майлоочу майлардын сапаты тууралуу айтылат. Мисалы, автоунаа бензинине металл камтыган кошулмаларды (курамында марганец, коргошун жана темир) колдонууга жол берилбейт. Белорусиянын аймагында жыпар жыттуу аминдерди колдонууга (монометиланилиндер) тыюу салынган. Эгерде күйүүчү май керекүү талаптарга жооп бербесе, аны май куюучу жайлардан сатууга болбойт.

Эгерде ЕЭК долбоордун мөөнөтүн жылдыруу боюнча долбоорду колдосо, анда Кыргызстандын май куюучу жайлары, сапаты жагынан күмөн жараткан күйүүчү майларды сата берет.

Тэги: күйүүчү май баа май куюучу жай ЕЭК күйүүчү майдын сапаты Бишкек Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть