Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    27.01.2020, 07:30

    2020-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулду жалпы алуучулардын саны 563,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

    Алардын ичинен «Үй-бүлөгө көмөк» - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 308,7 миң адамды түздү. «Социалдык жөлөкпул» - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 93,1 миң адамды түздү. Ал эми бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулун 161,8 миң адам алды.

    Жалпысынан республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун орточо өлчөмү 871,2 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,9 сомду түздү.

    Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 7530,5 млн сом (өсүш - 15,4%) акча каражаты каржыланган, алардын ичинен «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулду төлөөгө 2930,9 млн сом, социалдык жөлөкпулду – 3478,0 млн сом, «балага сүйүнчү” жөлөкпулу - 650,3 млн сом каржыланган.


    Читать похожее

    • 29.07.2024, 05:55:15
    • 18.07.2024, 23:20:01
    • 17.05.2024, 03:00:27
    • 23.11.2020, 21:30:29