Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

02.09.2020, 10:15

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрүү жайларда жарандардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүнө-чыгуусуна коюлган чектөөлөр 2-сентябрдан тарта алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

[news 27634]

Эки мамлекеттин жарандары республикалардын аймактарына чектөөсүз кире алышат, бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптарын кынтыксыз аткаруулары зарыл.

• акыркы 14 күн аралыгында Кыргызстандын аймагында болгон же акыркы 72 сааттын ичинде алынган таажывирустун терс жыйынтыгын көрсөткөн ПЦР-тест тууралуу маалымкаты бар адамдар Өзбекстанга кирип жатканда карантиндик көзөмөлгө алынышпайт. Өлкө аймагына кирип келе жаткан Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өткөрүү жайларында термометриядан жана анкета толтуруу менен жүргүзүлгөн сурамжылоодон өтүшөт;

• Кыргызстандан Өзбекстанга чыккан жана Кыргызстандын аймагында гана болуп келген Өзбекстандын жарандары республикага кайтып келе жатканда карантиндик көзөмөлгө алынышпайт.

• башка учурлардын бардыгында Кыргызстанга жана Өзбекстанга кирип жаткан адамдар бул өлкөлөрдө бекитилген тартипке ылайык карантиндик көзөмөлгө алынышат.

«Достук-автожол», «Кызыл-Кия-автожол», «Кадамжай-автожол», «Маданият-автожол» жана «Баймак-автожол» өткөрүү жайлары аркылуу жарандар кирип чыга алышат.

Транспорт каражатары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесин «Кадамжай-автожол», «Достук-автожол», жана «Кызыл-Кыя-автожол» көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кесип өтө алышат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрдан баштап Өзбекстан COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмегине кирген.


Читать похожее

  • 29.07.2024, 05:55:15
  • 18.07.2024, 23:20:01
  • 17.05.2024, 03:00:27
  • 23.11.2020, 21:30:29