КР президентинин аппаратынын 8 кызматкеринде коронавирус тастыкталды

26.06.2020, 12:50 Акчабар
КР президентинин аппаратынын 8 кызматкеринде коронавирус тастыкталды

Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, Президенттин Аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анализдердин жыйынтыгы боюнча Президенттин Аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.

Тэги: Кыргыз Республикасы делегация коронавирус Президенттин Аппараты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть