Опубликовано
26.02.2021, 03:30Россия менен Кыргызстандын 2020-жылдагы соода жүгүртүүсү 11% жогорулап, 350 млн долларды түздү. Бул тууралуу эки өлкөнүн айыл чарба министрлеринин жолугушуусунда маалым болду.
[news 22116]
Атап айтканда, сөз агро өнөр-жай тармагындагы продукциялар тууралуу болуп жатат. Андан сырткары, жолугушууда айыл чарба продукциясын жеткирүү боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Ошондой эле балык чарбачылыгы боюнча кызматташуу дагы четте калган жок. Бул жаатта документтер кол коюу астында турат.