Кыргызстан үчүн тышкы карыздардын төөлө мөөнөтүнүн туу чокусу 2023-24-жылдарга туш келет

29.05.2020, 11:00 Акчабар
Кыргызстан үчүн тышкы карыздардын төөлө мөөнөтүнүн туу чокусу 2023-24-жылдарга туш келет

2020-21-22-жылдарда төлөй турчу тышкы карыздар үчүн «Чоң жыйырмага» мүчө өлкөлөр менен насыя каникулу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде чечим кабыл алынып калса, 2020-21-22-жылдардагы төлөй турчу карыздаррдын мөөнөтү жылдырылат​. Бул тууралуу финансы министрлигинин өкүлү Алмаз Азимов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кыргызстандын тышкы карызынын төлөө мөөнөтүнүн туу чокусу 2023-24 – жылдарга туш болуп калат деп айтылып келет. Азыр Пандемияга байланыштуу тышкы карыздын көлөмү дагы өсүп жатат. Ошондо карызды төлөө кыйынчылыгы дагы канча пайызга жогорулады?», — деп сурады депутат Руслан Чойбеков.

Азимовдун айтымында, учурда карыздарды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

«Учурда донорлор тарабынан келип түшкөн каражаттардын бир бөлүгү грант түрүндө, бир бөлүгү насыя түрүндө берилип жатат. Бирок, албетте тышкы карызды төлөөгө кыйынчылык алып келет. Ошол эле учурда G-20 мүчө мамлекеттери менен орто мөөнөттөгү карыздын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Эгерде чечим кабыл алынып калса, 2020-21-22-жылдардагы төлөй турчу карыздаррдын мөөнөтү жылдырылат», — деп жооп берди Азимов.

Андан сырткары, буга чейин дагы насыя каникулу жана карыздарды кечүү боюнча Кыргызстан тараптан сунуштар болуп келген.

«2000-жылдын баштарында Париж клубу 1, Париж клубу 2 аталыштагы кайрылуулар болгон. Андан сырткары, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде, Россия, Турция мамлекеттери карыздарды кечкен. Учурда Кытай мамлекети менен дагы сүйлөшүүлөр журүп жатат», — деп кошумчалады финансы министрлигинин өкүлү.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү 1 жыл ичинде194.1 млн долларга өскөнү маалымдалган. Ошол эле учурда президент Сооронбай Жээнбеков Кытай мамлекетинен карызды төлөө мөөнөтүн узартуу тууралуу президент Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында, Кытай Эл Республикасы сунушту колдой тургандыгын билдирген.

Тэги: Тышкы карыз Чоң жыйырма насыя каникулу Алмаз Азимов Финансы министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть