Опубликовано
11.02.2020, 11:30Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын январь-декабрь айында 7 млрд АКШ долларына жакындап, 2018-жылдын январь-декабрь мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Ошол эле мезгилде экспорттун көлөмү 7 пайызга өстү, импорт болсо, тескерисинче, 7,3 пайызга кыскарган.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон эки тараптуу соода-сатык 2019-жылдын январь-декабрь аралыгында 2,6 млрд АКШ долларын түздү, бул 2018-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 5,9 пайызга төмөн.
Ошол эле маалда экспорттун көлөмү 3,1 пайызга жана импорттун көлөмү – 6,7 пайызга азайган. ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттери менен республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (61,9 пайызы) жана Казакстанга (35,9 пайызы) туура келди.