2019 - жылы КР тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 7 млрд $ түзгөн

11.02.2020, 17:30 Акчабар
2019 - жылы КР тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 7 млрд $ түзгөн

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын январь-декабрь айында 7 млрд АКШ долларына жакындап, 2018-жылдын январь-декабрь мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Ошол эле мезгилде экспорттун көлөмү 7 пайызга өстү, импорт болсо, тескерисинче, 7,3 пайызга кыскарган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон эки тараптуу соода-сатык 2019-жылдын январь-декабрь аралыгында 2,6 млрд АКШ долларын түздү, бул 2018-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 5,9 пайызга төмөн.

Ошол эле маалда экспорттун көлөмү 3,1 пайызга жана импорттун көлөмү – 6,7 пайызга азайган. ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттери менен республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (61,9 пайызы) жана Казакстанга (35,9 пайызы) туура келди.

Тэги: КР тышкы соода тышкы соода жүгүртүү көлөмү млрд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть