КРнын Украинадагы элчиси Харьков облусунда жашаган мекендештер менен жолукту

15.03.2020, 09:00 Акчабар
КРнын Украинадагы элчиси Харьков облусунда жашаган мекендештер менен жолукту

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын Харьков областында убактылуу жана туруктуу жашап жаткан кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу 2020-жылдын 11-мартында Жусупбек Шариповдун Хорьков шаарына болгон иш сапарынын алкагында болгон.

Жолугушуунун учурунда элчи Ж.Шарипов жарандарга элчиликтин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, жарандарды Украинанын мыйзамдарын сактоого, мыйзамсыз жүрүүдөн алыс болууга, консулдук каттоого турууга үндөп, өлкөнүн чет жакта жүргөн жарандарынын жашоо-турмушун жеңилдетүүгө багытталган саясаты, «Мекен карт» киргизүү (президент С.Жээнбековдун катышуусу менен өткөн «Мекендештер» форумунун жыйынтыгы боюнча демилгеленген), консулдук кызматтарды көрсөтүүдө заманбап технологиялардын колдонуу, Харьков шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугун ачуу жөнүндө айтып берип, жарандардын суроолоруна жооп берди.

Тэги: КР Украина Харьков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть