Жакынкы арада күйүүчү майдын чекене баасы 2 сомго төмөндөтүлөт

30.04.2020, 16:45 Акчабар
Жакынкы арада күйүүчү майдын чекене баасы 2 сомго төмөндөтүлөт

Өлкөдө күйүүчү жана майлоочу майдын баасын акырындык менен төмөндөтүү тажрыйбасы улантылууда, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Жакынкы арада күйүүчү майдын чекене наркы орточо 2 сомго төмөндөтүү пландалууда. Баанын мындан ыркы динамикасы республиканын экономикалык ишмердүүлүгүнүн активдешүүсүнө жана дүйнөлүк рыноктогу мунай наркына түздөн-түз көз каранды.

Чечим тиешелүү мамлекеттик органдар менен өлкөнүн нефтетрейдерлеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө кабыл алынды. Учурда республиканы күйүүчү жана майлоочу май менен камсыз кылуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Муну менен катар мунай заттарынын тартыштыгынт алдын алуу боюнча иш-чаралар кабыл алынууда.

Жалпысынан 2020-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча жыл башына салыштырмалуу күйүүчү-майлоочу майлардын чекене баасынын түшүүсү байкалууда. Алсак, январь-апрель айларында өлкө боюнча бензин 2,8 сомго же 6,7% арзандаган, ал эми дизель майдын баасы 4,7 сомго же 9,7% төмөндөгөн.

Мунайзат базаларынан сатып алынган күйүүчү жана майлоочу майлардын дүң баасынын бир кыйла түшкөндүгүн белгилей кетүү керек. Көрсөтүлгөн мезгилде бензиндин дүң баасы 11,6 сомго же 32% арзандаган, ал эми дизель майынын дүң баасы 11 сомго же 21,3% төмөн түшкөн.

Тэги: күйүүчү май Өкмөт чекене баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть