2020-жылы кумшекердин орточо чекене баасы 46 пайызга жогорулады

26.02.2021, 16:30 Акчабар
2020-жылы кумшекердин орточо чекене баасы 46 пайызга жогорулады

Улуттук статистика комитети 25-февралга карата кант рыногунда баалардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-февралына карата абалы боюнча кумшекерге болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 59,93 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,87 сомго же 46 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Кумшекердин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Жалал-Абад (кг үчүн 64,33 сом), Ош (кг үчүн 64,27 сом) жана Исфана (кг үчүн 63,65 сом) шаарларында, ал эми төмөн болуп – Ноокат (кг үчүн 50,00 сом), Ош (кг үчүн 48,53 сом) жана Өзгөн (кг үчүн 46,82 сом) шаарларында түзүлдү.

Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу Жалал-Абад - 14,0 пайызга, Кара-Балта - 12,7 пайызга жана Токтогул шаарларында - 12,1 пайызга өскөнү катталды.

Тэги: кумшекер баа улуттук статистика сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть