akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    11.04.2022, 06:15

    Бүгүн, 11-апрелден тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө койгон чектөөлөрдү жойду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, 11нен 12-апрелге караган түнү саат 00:00дөн тартып Кыргызстандын жарандары мамлекеттик чек арадан "Ак-Жол унаа жолу" бекети аркылуу эч кандай жүйөөсүз өтө башташты.

    Кыргызстандын жарандары кыргыз-казак чек арасынан "Чалдыбар унаа жолу", "Ак-Жол унаа жолу", "Кең-Булуң унаа жолу" жана "Токмок унаа жолу" бекеттери аркылуу өтө алат.

    Бош транспорт каражаттары чек арада жайгашкан "Кең-Булуң унаа жолу" бекетинен өтө алышат.

    “Чек арадан өткөн КР жана чет элдик жарандардын жанында акыркы 72 сааттын ичинде тапшырган ПЧР тесттин справкасы же болбосо COVID-19га каршы эмдөөнүн паспорту болушу керек”.- деп айтылат маалыматта.

    Чек ара кызматынан кошумчалагандай, Казакстандын көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу Россиянын аймагына кирүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандары Россиянын элчилигинен кирүү маселеси боюнча маалыматты тактоосу керек.


    Читать похожее

    • 07.02.2024, 05:50:26
    • 21.04.2022, 02:17:50
    • 11.04.2022, 00:15:17
    • 06.04.2022, 04:28:44