Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Цинмин - маркумдарды эскерүү күнүн белгилөөгө байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери 4-апрелде жабык болот.
Маалымдалгандай, 5-апрелден тарта аталган бекеттер кайрадан кадимки тартипте иштей баштайт.