Кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз жүк ташыгандар кармалды

01.02.2024, 09:33 Акчабар
Кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз жүк ташыгандар кармалды

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде аткезчилик жолу менен алынып келаткан жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары УКМКнын Лейлек районунун Байзак-Сай аймагындагы аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унааны токтотуп, анын ичинен жалпы салмагы 900 кг болгон 18 кап күрүч табылган.

"Кыргызстандын жарандары 1999-жылы туулган К.А., 2001-жылы туулган С.Ф. Тажикстандан Кыргызстанга азык-түлүк алып өтүүгө аракет кылышкан. Жүктүн тиешелүү документтери болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Лейлек районундагы Мурас-Достук унаа жолунда “Opel Zafira” үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө 100 кутудан ашык энергетикалык суусундуктар табылган. Ар бир кутуга 24 банка суусундук салынган. Т.Э. 1986-жылы туулган жаран Кыргызстандан Тажикстанга тиешелүү документтери жок жүк ташууга аракет кылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мыйзамсыз ташылган жүктүн жалпы баасы 300 миң сомдон ашкан.

Тэги: Баткен кыргыз-тажик чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть