Кыргыз-тажик чек арасынын 17,98 чакырымы макулдашылды

08.11.2023, 11:55 Акчабар
Кыргыз-тажик чек арасынын 17,98 чакырымы макулдашылды

Ушул жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган тилкелер боюнча тиешелүү ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлганы маалым болду.

Тэги: чек ара кыргыз-тажик минкаб протокол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть