Кыргыз-тажик чек арасынын 47,05 чакырымы макулдашылды

14.12.2023, 12:48 Акчабар
Кыргыз-тажик чек арасынын 47,05 чакырымы макулдашылды

Баткенде 8-декабрдан 14-декабрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Тэги: чек ара Баткен облусу Тажикстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть