2021-жылдын жыйынтыгы менен “Кыргызалтын” ААКтын таза кирешеси 2,754 млрд сомду түздү. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Таза пайда 2020-жылга салыштырмалуу 2,2 эсе көптүк кылат.
“Өткөн жылы өлкөнүн бюджетине 1,724 млрд сом которулган, анын ичинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан республикалык бюджетке түшүүчү дивиденддердин эсебинен - 1 млрд 465 млн сом, салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдүн 277 млн сому төлөнгөн”,- деп айтылат билдирүүдө.