Кыргызстанга чет элдик жана туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

23.03.2020, 10:00 Акчабар
Кыргызстанга чет элдик жана туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын Кыргызстандын аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн өкмөт 2020-жылдын 17-мартындагы өлкөгө чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизди.

Эске сала кетсек, ушул буйрукка ылайык, 2020-жылдын 19-мартынан тартып өлкөгө чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдардан же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдардан тышкары жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы буйругуна ылайык көрсөтүлгөн категориядагы чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдарга же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдарга дагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин өлкөгө кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган чектөө чаралары Кыргыз Республикасынын аймагына COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөөгө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун сактоого гана багытталган.

Тэги: Кыргызстан чет элдик жарандар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть