Кыргызстан «Global Gateway» форумунда ири долбоорлорду сунуштайт

16.01.2024, 14:11 Акчабар
Кыргызстан «Global Gateway» форумунда ири долбоорлорду сунуштайт

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа комиссиясынын вице-президенти Маргаритис Схинас менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстандын делегациясынын 29-30-январда Брюссель шаарында өтө турган “Global Gateway” инвесторлор форумуна катышуу маселесин талкуулашты.

Аталган форумда Кыргызстан транспорт тармагындагы келечектеги долбоорлорду сунуштайт.

“Тараптар гидроэнергетика, санариптештирүү, суу ресурстары жана "жашыл"экономика тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалын жана келечеги боюнча пикир алмашты”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Европа комиссия Global Gateway инвестор инвестициялык келишим

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть