Кыргызстанда карыздарды башкаруу жана финансалык  анализ программасы ишке киргизилет

18.02.2020, 14:30 Акчабар
Кыргызстанда карыздарды башкаруу жана финансалык  анализ программасы ишке киргизилет

Кыргызстанда карыздарды башкаруу жана финансалык анализ (DMFAS) программасы ишке киргизилет. Бул тууралуу ЖК бюджет жана финансы боюнча комитети билдирди.

Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовдун айтымында долбоордун максаты олконун сырткы жана ички карыздарын башкаруунун сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

«Учурда DMFAS программасы дүйнөнүн 57 өлкөсүндө жана 84 мамлекеттик мекемелерде орнотулган», - деп жазылат маалыматта. Тышкы жана ички карызды башкаруу, гранттарды, кредиттерди көзөмөлдөөгө, мамлекеттик башкаруу стратегиясын даярдоого аналитикалык отчетторду, маалыматтарды ыкчам берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин 90-жылдардын аягында Швейцария мамлекети тарабынан берилген техникалар менен иш жүргүзүлүп келген. Бирок бул техникалар учурдун талабына жооп бербейт.

Тэги: Кыргызстан карыздарды башкаруу ишке киргизилет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть