Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн быйыл 2 миллиард долларга жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушууда билдирди.
Өкмөттөн билдиршкендей, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында делегация башчыларынын кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү өттү.
Акылбек Жапаров 2023-жылы өз ара сооданын көлөмү 1 млрд 317 млн долларды түзүп, ал 2022-жылга салыштырмалуу 11,6 пайызга өскөнүн белгиледи. Экспорт 455,7 млн долларды (өсүү 10,9%), импорт 862,2 млн долларды (өсүү 11,9%) түздү.
“Эки өлкөнүн өкмөттөрү кызматташуунун жаңы артыкчылыктуу багыттарын издөөнү жана өлкөлөр ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү иштерин улантууну зарыл деп эсептейм”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.
Казакстандын өкмөт башчысы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын айтты.