Кыргызстан менен Пакистандын товар жүгүртүүсү 7,8 млн долларды түздү

26.10.2023, 12:25 Акчабар
Кыргызстан менен Пакистандын товар жүгүртүүсү 7,8 млн долларды түздү

Ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы айыл чарба продукциясынын товар жүгүртүүсү 7,8 млн долларды түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен экспорт 336,1 миң доллар, импорт 7,5 миллион долларды түзгөн.

Экспорт:

- иштетилбеген тери - 157,7 миң доллар;
- жашылчалар - 115,5 миң доллар;
- эт субпродуктылары жана консерваланган эт азыктар - 62,9 миң долларын түздү.

Импорт:

- кант жана кант кондитердик азыктары - 4,7 млн доллар;
- жемиштер - 1,3 млн доллар;
- кофе, чай жана татымалдар 640 миң доллар;
- дан эгиндери - 398,8 миң доллар;
- жашылчалар - 165,3 миң доллар;
- жашылча жемиштерди кайра иштетүү - 116,3 миң долларын түздү.

Тэги: товар жүгүртүү Пакистан айыл чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть