Кыргызстан менен Түштүк Корея айыл чарба тармагында кызматташат

06.02.2024, 16:33 Акчабар
Кыргызстан менен Түштүк Корея айыл чарба тармагында кызматташат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Мурат Раматов Түштүк Кореянын айылдык коомчулук корпорациясынын (KRC) президенти Ли Бён Хо баштаган корей делегациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Тараптар айыл чарба тармагында жашылча өндүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул долбоор Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, жашылча-жемиштерди коңшу өлкөлөргө экспорттоонун жаңы келечегин ачат.

Мындан тышкары, айыл чарбасын жана балык чарбасын суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны жакшыртуу жана коомчулуктун деңгээлинде айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.

Тэги: Түштүк Корея айыл чарба жашылча-жемиш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть