Опубликовано
04.12.2019, 06:27Бүгүн, 4-декабрда Кыргызстандын жеңил өнөр-жай ишканаларынын өкүлдөрү менен Орусиянын 26 тармактык соода өкүлдөрү менен алгачкы жолу В2В-жолугушуусу болду.
Жолугушууга Россиянын 26 кичи жана орто тармактык магазиндердин өкүлдөрү жана Кыргызстандын 50 жеңил өнөр жай ишканасынын өкүлдөрү келишкен.
Андан сырткары, иш-чарага өнөр-жай, энергетика жана кайра иштетүү Мамлекеттик комитеттин башчысы Фатима Садамкулова, «Легпром» Ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов, Россия-Кыргыз фондунун жана Орусиянын медихолдинг өкүлдөрү катышышкан.