Кыргызстан Пакистан менен энергетика тармагында иштешүүгө белсенүүдө

10.11.2023, 14:33 Акчабар
Кыргызстан Пакистан менен энергетика тармагында иштешүүгө белсенүүдө

Бүгүн Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Пакистандын Энергетика министри Мухаммад Али жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар түз авиакаттамдарды түзүү, транзиттик каттам боюнча жүк ташууларды жандандыруу жана ишкердик байланыштарды түзүү боюнча эки тараптуу кызматташуунун жетишкендиктерин оң белгилешти.

“Кыргызстандын олуттуу гидроэнергетикалык потенциалын эске алуу менен өлкө “CASA-1000” аймактык долбоорун алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, анын ичинде кичи жана гидроэнергетикалык комплекстерди куруу жана модернизациялоо боюнча пакистандык тарап менен кызматташууга кызыктар” - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, алар маданий-гуманитардык кызматташуу, саламаттыкты сактоо, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Тэги: электроэнергетика Пакистан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть