Кыргызстанда тажрыйбалуу программисттер 1000$ жогору киреше табышат

15.10.2019, 15:53 Акчабар
Кыргызстанда тажрыйбалуу программисттер 1000$ жогору киреше табышат

Кыргызстанда өзүнүн ишин жакшы билген программисттер 1000$ жогору киреше табышат. Бул тууралуу Бишкек инвестиция форумунда DZENSOFT жана CodifyLab эл аралык IT- компаниясынын башкы менеджери Динара Руслан билдирди.

Анын айтымында, ишин жаңы баштаган программисттер алгач 300$ табышат. Эгерде тажрыйбасы 3 жылдан 5 жылга чейин болсо, анда айына 2000$ чейин таба алышат деп билдирди.

«Жергиликтүү программисттер көбүнэсе Кыргызстанда негизделген эл аралык компанияларда иштешет. Мисалы, DZENSOFT компаниясында биз эл аралык рынокко ылайыктап, иштеп чыгабыз. Бизде иштеген балдар, эл аралык компаниялардан дагы эмгек акы алышат», - деп кошумчалады.

Андан сырткары, Динара Руслан учурда онлайн акча төлөө, электрондук капчыктар популярдуу болуп жатканын айтты.

АКШда программисттердин эмгек акысы 7000-8000$ болгондуктан, аларга башка өлкөлөрдүн падистери менен иштешкен ыңгайлуу деп билдирди.

Тэги: программисты эмгек акы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть