Кыргызстан түрк ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр

28.02.2024, 14:46 Акчабар
Кыргызстан түрк ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-түрк бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жеңил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы келечектүү долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга эки тараптын кызыкчылыгы белгиленди.

Өкмөт башчы жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарап түрк ишкерлеринин Кыргызстанда бизнесин ыңгайлуу жүргүзүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалады.

Тэги: Түркия бизнес форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть