Кыргызстан Түштүк Кореядан жеңил унаалардын импортун дээрлик бир жарым эсе көбөйттү. Бул тууралуу Түштүк Кореянын бажы кызматы билдирди.
2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга Түштүк Кореядан 237,4 млн долларлык жеңил унаалар алынып келинген.
Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 76,7 млн долларга же 47,7%га көп.