Кыргызстанда I жана II сорттогу ундун баасы боюнча чектөө коюлду

17.03.2020, 17:30 Акчабар
Кыргызстанда I жана II сорттогу ундун баасы боюнча чектөө коюлду

Республика боюнча биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасы боюнча чектөө белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча өлкөнүн бардык аймактарында талдоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 1 жана 2 сорттогу ундун 1 килограммынын дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли аныкталган.


Социалдык маанидеги товарлардын башка түрлөрү боюнча учурда талдоо жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада шекер, нан жана өсүмдүк майынын максималдуу наркы аныкталат.Соодагерлер майда товардык, заводдук кагазга таңгакталган ундан башка унду белгилеген баадан жогору сата алышпайт. Чектөөнү бузгандар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.

Тэги: Кыргызстан Ун баа чектөө коюлду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть