Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эми калк үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга кымбаттап, 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2 сом 39 тыйын болот.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55 тыйынды түзөт. Ал эми бюджеттик колдонуучулар үчүн тариф учурдагы 2 сом 87 тыйындын ордуна 3 сом 76 тыйынды түзөт.
Белгилеп кетсек, эми Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша жыл сайын өзгөртүлүп турат.