Кыргызстанда 2025-жылы битум өндүрүлө баштайт

23.11.2023, 15:00 Акчабар
Кыргызстанда 2025-жылы битум өндүрүлө баштайт

“Жунда” мунай заводун модернизациялоо иштери 1 жыл 8 айда аяктап, андан кийин завод битум чыгара баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Кытай өкмөтү, тагыраагы Сиань провинциясы ишкананын инвесторунун үлүшүн сатып алып, модернизациялоону өзү баштаган. Модернизациялоо аяктагандан кийин завод жылына 50 миң тонна битум чыгарат.

Эске сала кетсек, жылына 800 миң тонна күйүүчү-майлоочу май чыгарган завод инвестор менен соттошуп, 2019-жылдан бери токтоп турган. Кыргызстан инвесторлорду салык төлөбөй жатат деп айыптады. 2015-жылдын декабрь айында ишкананын 54 млн сом салыкты жашырганы аныкталган текшерүүнүн жыйынтыгы менен ишкананын жетекчилигине кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, текшерүүнүн жүрүшүндө кампада 26 млн сомдук 1 миң тонна бензиндин жетишсиздиги жана кассалык отчеттуулуктун бузуулары аныкталган.

Тэги: битум автожол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть